Бүгүн, 28-майда Бишкекте Чек арачылар күнүн белгилөө салтанатында катардагы жоокер эс-учун жоготту. Окуя КРнын Генералдык штабынын башчысы Асанбек Алымкожоев куттуктоо сөзүн айтып жаткан учурда болду. Азыркы тапта жоокерге медициналык жардам көрсөтүлүүдө.
Иш-чараны чагылдыруу үчүн барган SUPER.KG порталынын кабарчысы Нургазы Аматов окуяны сүрөткө тартып алганда, күч органдары, ошол жерде турган ИИМдин кызматкерлери анын фотоаппаратын алып, сүрөттөрдү өчүрүүнү талап кылышканын кабарчыбыз маалымдады.
Айта кетсек, Бишкектеги Түштүк дарбазада Кыргызстанда Чек ара кызматынын түзүлгөндүгүнүн 15 жылдыгы белгиленүүдө.