Бишкекте бүгүн, 28-майда шаардык мэрия жана Биринчи Май райондук администрациясы “Коломто” муниципалдык мекемесинде туруктуу жашоочу турак жайлары жок адамдарга социалдык колдоо көрсөттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө туруктуу жашоочу жайлары жок адамдарга юридикалык жардам көрсөтүлдү. Алар медициналык кароодон өтүп, кийим-кече жана бут кийимдер таратылып, ысык тамак берилди. “Биз 1-2 айдан бери интернет аркылуу турак жайлары жок адамдарга социалдык колдоо көрсөтүү боюнча маалымат берип, аларга жардам көрсөтүүнү каалагандарды чакырганбыз. Иш-чаранын негизги максаты - аларга жардам көрсөтүп, аларды нормалдуу жашоого кайтаруу. Ага биз атайын жеке клиникалардын психологдорун чакырганбыз. Ошондой эле иш-чарага юристтер да катышууда”,- дейт Биринчи Май райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Чокон Аламанов.
Иш-чарага катышкан “Кыргызстандын жаш юристтери” коомдук бирикмесинин юристтеринин айтымында, кайрылгандардын көпчүлүгү документтерин калыбына кантип келтирсе болорун сурашат. Арасында он жылдан бери документтери жок жүргөндөр да бар. Алардын негизги көйгөйү жумушка орношуу деп белгилейт юристтер. “Биринчи Май районунун аймагында жалпысынан каттоодо 120га жакын туруктуу жашоочу жайлары жок адамдар турат. Кечээтен баштап тескөөчүлөр тарабынан “Коломтого” 60ка жакын адам алынып келинди. Айта кетчү нерсе, бул катмардагы адамдарды көзөмөлдөө өтө татаал. Себеби алар башка райондорго деле өтүп кете беришет. Булар көбүнчө таштандылар чогулган жайларда, көп кабаттуу үйлөрдүн жер төлөлөрүндө, темир жана картон кагаздарын алуучу жайларда көп жүрүшөт. Биз аларды алып келгенде манжа издерин алып, сүрөткө тартабыз. Бул нерсе алар каза болуп калып таанылбай калган учурларда өздүгүн тактоо максатында жасалуучу иш-чара”,- дейт Биринчи Май райондук ИИМинин коомдук тартипти сактоо бөлүмүнүн башчысы Алмаз Исаков.
Ал эми Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук администрациясынын бөлүм башчысы Ренат Айтымбетовдун айтымына караганда, аталган акция бул жылы экинчи ирет өтүүдө. “Акциянын алкагында социалдык колдоого муктаж адамдарга колдоо көрсөтүүгө бир катар кайрымдуулук фонддору катышууда. Алар: “Жашоо фонтаны” коомдук кайрымдуулук фонду, “Кыргызстандын жаш юристтери”, “Эл агартуу”, “Ыйык рух”, “Укуктук жардам” коомдук уюму жана Кыргызстан жана Бишкек орус чиркөөсүнүн епархиясынын өкүлдөрү. Ал эми аталган мекеменин бюджети 3 миллион 600 миң сомду түзүп, 70 адамга эсептелинген”,- дейт Р.Айтымбетов.