Алайда
Ахматбек Келдибековдун Ош - Эркеч-Там унаа жолун тосуп турган тарапташтары бийликтегилердин келүүсүн талап кылышууда. Азыркы тапта жол жабык бойдон турат.
Алайга бийлик өкүлдөрү келише элек, алардын талаптары аткарылмайынча жолду ачуу ниетинде эмес экендигин Келдибековдун жактоочулары билдиришти.
Эскерте кетсек, 27-майда Алай районунун Сопу-Коргон айылында абакта жаткан Ахматбек Келдибековдун тарапташтары анын бошотулушун талап кылып митингге чыгышкан.