Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Эгемберди Эрматов Шинжаң-Уйгур автономиялуу райондук адабият-көркөм өнөрчүлөр бирикмесинин кызматкерлерин кабыл алды

Кечээ, 27-майда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Э.Эрматов Шинжаң-Уйгур автономиялуу райондук адабият-көркөм өнөрчүлөр бирикмесинин “Шинжаң кыргыз адабияты” журналынын кызматкерлерин кабыл алды. Жолугушууга аталган журналдын башкы редактору Толкун Турду, орун басары Жаанбай Асанаалы, редактору Мамбетайса Мамбеттурган, Кыргызстандагы координатору Чолпон Субакожоева жана башка калемгерлер катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө журналдын башкы редактору “Шинжаң кыргыз адабияты” журналынын жасап жаткан алгылыктуу иштери менен тааныштырды. Бул тууралуу бүгүн, 28-майда аталган комиссиянын басма сөз кызматы билдирди. 

Башкы редактор “Шинжаң кыргыз адабияты” журналынын 30 жылдыгына арналып чыккан 2 томдугун Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияга тапшырды. Э.Эрматов келген калемгерлерге байыркы кыргыз тилин бөтөн элде, бөтөн журтта жүрүп жайылтууга жана сактап калууга кошкон салымы үчүн терең ыраазычылык билдирип, “Шинжаң кыргыз адабияты” журналынын жамааты үчүн бир нече көркөм-адабий чыгармаларды тартуулады. 

Белгилей кетсек, «Шинжаң кыргыз адабияты» Жуңгодогу кыргыз тилинде чыгуучу жалгыз адабий журнал болуп саналат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан