Нарын облусунда 2014-жылдын 1-кварталында ВИЧ жана СПИД илдеттерине 6 адам чалдыккан. Ал эми облус боюнча аталган илдет менен 650дөй адам жабыркайт. Алардын көбү каттоодон өтпөй же оорусун жашырып келишет. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган аймакта учурда каттоодо ВИЧ илдети менен жабыркаган 64 адам турат. Анын ичинен 47си эркек, 17си аялдар. 20 жаштан 30 жашка чейинкилердин 16, 30 жаштан 40 жашка чейинкилердин саны 29, 40 жаштан 50 жашка чейинкилердин саны 18ге барабар. Алардын ичинен 33ү аталган илдетти кан аркылуу, ал эми 31и жыныстык жол менен жугузган. Аталган илдет Кочкор районунда эң көп катталган.