Бишкекте эртең, 29-майда Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата Биринчи Май районунун аймагындагы 650гө жакын балага майрамдык иш-чаралар уюштурулат. Бул тууралуу бүгүн, 28-майда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук администрациясынын бөлүм башчысы Ренат Айтымбетов билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргыз драма театрында 14 жашка чейинки жеткинчектерге спектакль көрсөтүлөт. Ошондой эле балдарга таттуу белектер даярдалган.