Бүгүн, 28-майда Баткен облусунун Кадамжай районунда Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын расмий өкүлдөрүнүн катышуусунда "Фергана - достуктун өрөөнү" аттуу эл аралык акция башталды. Иш-чарага үч өлкөнүн маданият ишмерлери жана вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев катышып жатат.
Кадамжайда концерттик программа, спорттук оюндар, этномаданий көргөзмөлөр, илимий-практикалык конференциялар өтөт. Иш-чара эл аралык достукту бекемдөөгө багытталган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан уюштурулууда.