Белгилүү кинорежиссёр Дооронбек Садырбаевдин 75 жылдыгына арналган салтанаттуу эскерүү кечеси болуп өттү (фоторепротаж)

Бүгүн, 28-майда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында белгилүү ишмер, кинорежиссёр жана акын Дооронбек Садырбаевдин 75 жылдыгына арналган салтанаттуу эскерүү кечеси болуп өттү.

Аземге КРнын Президентинин аппарат жетекчиси Данияр Нарымбаев, КРнын мурдагы Президенти Роза Отунбаева, Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков, вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев, Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев, режиссёр Геннадий Базаров жана башкалар катышып, Дооронбек Садырбаев кыргыз элинин эсинде чыныгы атуул, мекенчил инсан катары сакталып калганын белгилеп өтүштү.

Салтанатка Дооронбек Садырбаевдин жубайы Сонунбүбү Көлбаева, үй-бүлөсү, жакын туугандары да катышты.

Иш-чарада ал тарткан тасмалардан үзүндү, ошондой эле басып өткөн жолу тууралуу даректүү тасмалар көрсөтүлдү. Аны менен катар көрүүчүлөр Дооронбек Садырбаевдин өмүр жолун чагылдырган көргөзмөгө күбө болушту.

Белгилей кетсек, Дооронбек Садырбаев 1939-жылы 13-февралда Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Апыртан айылында туулган. Ленинграддагы Театр, музыка жана кинематография институтун аяктаган. Дооронбек Садырбаев 80ден ашуун даректүү тасмалардын, “Арман”, “Махабат дастаны”, “Эне бөрүнүн ыйы” өңдүү 16 көркөм тасманын автору. Анын 8 көркөм жыйнагы жана 700дөн ашык публицистикалык макаласы жарык көргөн. Дооронбек Садырбаев чыгармачыл адам катары гана эмес, саясатчы катары да таанылган. Ал Жогорку Кеңештин депутаты болуп, кыргыз эли башынан өткөргөн Үркүн жана Ош окуялары боюнча тасма тарткан.

Дооронбек Садырбаев 2008-жылы 28-майда дүйнө салган. Каза болгондон кийин ага Кыргыз Эл Баатыры наамы ыйгарылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан