Алайда камакка алынган ЖКнын депутаты
Ахматбек Келдибековдун тарапташтары митингге чыгып,
Ош - Эркеч-Там унаа жолун бууп турушат. Алар аким менен сүйлөшүүдөн кийин да буулган жолду ачышпай, бийлик өкүлдөрүнүн келишин талап кылышууда.
Алай районунун акими Таалай Сарыбашев: "Мен эл менен жолугууга бардым. Алардын талабы сот аркылуу гана чечилерин, качан эл жолду ачса, бийликтен сүйлөшүү үчүн өкүлдөр келерин да айттым",- деди.
Унаа жолу тосулган жерде 20дан ашуун жүк ташуучу унаа жана ондогон жеңил машиналар турат. Жүргүнчүлөрдүн басымдуу бөлүгү жолдон жөө өтүп, андан ары кетишүүдө.
Эскерте кетсек, 27-майда Алай районунун Сопу-Коргон айылында абакта жаткан Ахматбек Келдибековдун тарапташтары анын бошотулушун талап кылып митингге чыгышкан.