Билим берүү жана илим министри Канат Садыков бүгүн, 28-майда уюшулган отурум алкагында Канттагы Азия медициналык институтунун өкүлдөрү кечээ, 27-майда Билим берүү жана илим министрлигинен барган комиссияны окуу жайга киргизбей коюшканын айтты. "Демократиянын да чеги болушу керек да" деп кошумчалады министр. Маалым болгондой, студенттер окуу жайдын жабылуусуна каршы болуп, нааразычылык акциясын уюштурушкан.
Кошумчалай кетсек, билим берүү жаатында тиешелүү талаптарга жооп бербеген Азия медициналык институтунун лицензиясынын мөөнөтү 3 айга токтотулган. Ага чейин институттун окутуу процессинин уюштурулгандыгы начар болгондуктан жана тиешелүү бир катар талаптарга жооп бербегендигинен улам алардын лицензияларын алуу боюнча маселе көтөрүлгөн. Буга чейин аталган окуу жайдын өкүлдөрү министрликти сотко берүүгө үлгүрүшкөн. Эгер аталган окуу жайдын лицензиялары сот аркылуу чакыртылып алынса, ЖОЖдун администрациясы студенттердин документтерин колуна берүүгө тийиш болот жана алар өз адистиги боюнча тийиштүү ЖОЖго которулмакчы.