Казакстандык эркин журналист "Казакстанда "Супер-Инфодой" гезитти чыгаруу оңой эмес" дейт

Бүгүн, 28-майда кеңсебиздин босогосун аттагандардын бири казакстандык эркин журналист Аскар Актлеуов болду. Ал “Супер-Инфо” гезити тууралуу интернеттеги социалдык тармактардан сураштырып билип, Кыргызстанга жол түшкөндө гезиттин жамааты, иши менен таанышып келүүнү ниет кылып жүргөнүн айтат. Боордош элден келген конок кызматкерлер менен таанышып, эстеликке сүрөткө түшүп, бир катар өзүн кызыктырган суроолоруна жооп алды.  

Аскар мырза 11 жыл мурун түйшүктүү тармак болгон журналистикага аралашып, учурда Борбордук Азияда ММКлар боюнча анализ жүргүзүп жүрөт. Анын айтымында, Казакстанда мамлекетке караштуу гезитти эске албаганда, 100 миңден ашык нускада жарык көргөн гезиттер жок. "Мамлекеттик гезит казак жана орус тилинде чыгат жана мугалимдерге, пенсионерлерге мажбурланып берилгендиги үчүн нускасы көп" деп күлүп алды боордошубуз. “Кыргызстанга келгенимде өнүгүп келе жаткан SUPER.KG порталы менен 100 миңден ашык нускада бир нече жылдан бери кармалып келе жаткан “Супер-Инфо” гезитинин ишмердүүлүгү тууралуу билүүгө ашыктым",- дейт коногубуз. Эне тилинде гезитти “Супер-Инфо” сыяктуу көп нускада чыгаруу оңой иш эмес экенин баса белгиледи Аскар мырза.     

Маалымат үчүн айта кетсек, Аскар Актлеуов кесиби боюнча юрист. Журналистика тармагында эмгек жолун 2003-жылы радиодо баштаган. Андан соң теле жаатында да эмгектенген. 2010-жылдан тарта эркин журналист катары эмгектенип келет. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
kakebrat
2014-05-28 21:03:48
таттынакай кыздар бар экен супер инфонун жамаатында
-2
aziret-92
2014-05-28 21:10:57
Сулууларды чекесинен тааныштырып отойунбу :-)),
+1
AZIK01
2014-05-28 21:27:04
aziret-92, Умка, Фианит тааныдым.
Админ сулуу кайсынысы?
0
Sarabanda
2014-05-28 21:47:02
Ак койнок кийген aijan еже))) х
0
AZIK01
2014-05-28 22:27:16
Sarabanda, Ал Фианитго
0
nurando
2014-05-28 22:19:33
Супер да бул
0
aikol87
2014-05-28 22:47:44
жалан жаш кыздар турбайбы. Супер ийгилик.
0
AKYBALA
2014-05-29 00:22:05
Буларда закон кушту.ошого чыгарыш кыйын..
0
Baktyyar
2014-05-29 00:28:06
Ийгилик силерге суперИнфо .Аябай абдан жакшы , сапаттуу маанилуу маныздуу туптуу мыкты кыргыз тилиндеги гезтин эн алдынкысы!
+1
doni89
2014-05-29 00:31:41
Фианит ак көйнөкчөн е)))оң тараптан 2чи:-)
0
kg91
2014-05-29 01:51:59
супер
0
Siuz
2014-05-29 02:17:50
Супер инфо атына заты жарашкан мыкты гезит.Ишиниздерге ийгилик каалайм! Учурдан пайдаланып, Бахиянаны сурагым келип жатат. Абдан сонун материалдарды даярдайт. Бирок акыркы убактарда корунбой калды. Мумкун болсо бат-бат чыгып турса. Суранам!Баардыгыныздарга салам!
0
bossmos7
2014-05-29 02:41:27
Биз экономиканы которуубуз керек.Алдап кое берет алар.Бизге караганда баарын казакча кылып койгон. Мисалга тез жардам чакырууну эле тамашага салып журушпойбу алар! Бул гезит жана аалам баракчасы Эне тилди жайылтууга кошкон салымы зор.Бара бара жалан Эне тилге басым коюп.Эне тилди байытуучу колдоочу мыкты аалам баракчалардын асты болуп журо беришин каалайбыз! Негизи Кыргыз Элине кызмат кылып.Кадыры оссун!
0
operaledi
2014-05-29 03:56:53
Суйунуп алдым го, Казакстанда мындай гезит жок десе. Супердин жамаатына ийгилик!
0
zarlyk2211
2014-05-29 05:26:16
Ийгилик!!!
+1
kutmanasan
2014-05-29 06:12:22
Рахмат сиздерге...ардайым онугуп оркундото жана оркундой бериниздер!
+1
aitmambet
2014-05-29 12:45:22
Оо!! Супер гезиттин, Супер жаштары.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан