Бүгүн, 28-майда Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында аскердик техникалардын көргөзмөсү өтүүдө. Көргөзмө Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн түзүлгөндүгүнүн 22 жылдыгына карата уюштурулган.
Көргөзмөгө БМП-2, БТР-70Д, БРДМ-2 брондолгон техникалары, ЗИЛ-131, С-125, Интернационал-7000 автоунаалары, Гаубица Д-30, ПМ-38, 2Б-9 курал-жарактары жана башка аскердик техникалары коюлду.
Белгилей кетсек, аталган көргөзмө 30-майга чейин уланат.