Бишкекте онкологиялык оорулар менен жабыркаган балдардын дары-дармегине каражат топтоо максатында кайрымдуулук акциясы өтөт

Бишкекте 29-майда Балдарды коргоо күнүнө карата онкологиялык оорулар менен жабыркаган балдарга каражат топтоо үчүн жыл сайын өтүүчү III кайрымдуулук концерти өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 28-майда “Help the Children-SKD” кайрымдуулук фондунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган концерт А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында өтмөкчү.  

Иш-чарадан түшкөн каражат онкология жана гематология бөлүмдөрүнө керектелүүчү медициналык жабдууларды, дары-дармек жана кан препараттарын сатып алууга жумшалат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан