“Кемин” көмөк чордонундагы курулуш иштеринде жумушчулардын коопсуздугу начар абалда экени белгилүү болду (фоторепортаж)

Бүгүн, 28-майда КРнын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы “Датка-Кемин” долбоорундагы “Кемин” көмөк чордонундагы курулуш иштеринде пландык текшерүү иштерин баштады.

Белгилүү болгондой, пландык текшерүүнүн алкагында курулуш иштериндеги коопсуздук чараларынын сакталышы, жумушчулардын укугунун корголушу, курулуш жүрүп жаткан жердин мыйзамдуулугу жана бир катар факторлор боюнча 10 күн бою текшерүү иштери жүргүзүлөт.

Мамэкотехинспекциянын биринчи күндөгү текшерүүсүндө көмөк чордонунун курулушунда курулушчулардын коопсуздук чаралары жакшы сакталбай жаткандыгы көрүнүп турду. Буга катар эле жумушчулар айлык акынын аздыгына жана эмгек келишими түзүлбөстөн эле иштеп жатышкандыктарына нааразылыгын билдиришти. Кыргыз курулушчуларынын айтымында, алар эртең мененки саат 7ден кечки 6га чейин жумушта болушат. Бир күндүк айлыгы 700 сомду түзүп, тамактарын өздөрү менен ала келишет жана жол кирелерин да өздөрү төлөшөт.

Аталган пландык текшерүү 10 күнгө созулуп, андан соң гана жыйынтык чыгарылары белгилүү болду. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
uluk1982
2014-05-29 10:00:04
Туура кылат текшергиле!!!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан