Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун аймагында мүмкүнчүлүгү чектелген 140 бала тарбияланып жатат. Ал эми өлкө аймагы боюнча мындай улан-кыздардын саны 149 миңди түзөт.
Аталган иш-чарада 4 жаштан 11 жашка чейинки балдар арасындагы сынак өткөрүлдү. Алар өз колдорунан чыккан кийизден жасалган сувенирлерди, оюнчуктарды, оймолор түшүрүлгөн ар кандай буюмдарды, тарткан сүрөттөрүн көргөзмө-сынакка коюшту.