Каракол шаарында Чек ара кызматкерлеринин күнү белгиленип, 30дан ашык жоокер аскердик ант берди (фоторепортаж)

Каракол шаарында бүгүн, 28-майда Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын 15 жылдык мааракесинин урматына бир катар иш-чаралар болуп өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара А.Пушкин атындагы сейил бакта чек ара кызматкерлерине арналган эстеликке гүл коюу аземи менен башталды. Шаардын борбордук аянтында Каракол шаарындагы 2028-аскер бөлүгүнүн жоокерлеринин аскердик ант берүү аземи салтанаттуу түрдө өттү. Бардыгы болуп 33 жоокер аскердик ант берди.

Аталган иш-чарага КРнын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары А.К.Жаныбеков, Каракол шаарынын мэри Р.У.Калыгулов, Каракол шаардык кеңешинин төрагасы У.Турсунбаев, Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Б.Какеев, Ысык-Көл облусунун прокурору А.Какеев, Каракол шаардык аскер комиссариатынын комиссары Т.Султанов жана башкалар Чек ара кызматкерлеринин күнү менен куттуктап, белектерин тапшырышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан