Гейлер жана лесбиянкалар “гей-пропагандага тыюу салуу жөнүндөгү” мыйзам долбоорун артка чакыртып алуу боюнча Жогорку Кеңешке кат жолдошту 

Бүгүн, 28-майда Кыргызстандагы ЛГБТИКС (лесбиянкалар, гейлер, бисексуалдар, трансгендерлер, интерсексуалдар, квирлер, союзниктер) уюмдарынын өкүлдөрү КРнын Жогорку Кеңешине бачабаздыкты (гомосексуализмди) жайылтуу жосундарына тыюу салууга багытталган мыйзам долбоорун артка чакыртып алуу боюнча кайрылышты. Бул тууралуу “Лабрис” уюмунун басма сөз кызматы жарыялады.

Маалым болгондой, аталган уюмдардын өкүлдөрүнөн 60тан ашуун кат түштү. Каттар ЖКнын депутаттары Төрөбай Зулпукаров, Курманбек Дыйканбаев жана Улукбек Кочкоровго даректелгени анык болду.

“ЛГБТИКСтин өкүлдөрү “гей-пропагандага тыюу салуу жөнүндөгү” мыйзам долбоору кабыл алынса, бачабаз адамдарга карата зордук-зомбулуктун өсүшүнө чоң таасир тийгизерин белгилешти. Мисалы, апрель айынын башында бейтааныш жигиттер батирге кирип, 5 гомосексуалды токмоктошкон. Бул иш-аракет алдын ала пландалганы анык болгон. Мындан тышкары акыркы 2 айдын ичинде укук коргоочулар тарабынан да ЛГБТИКтин өкүлдөрүнө зордук-зомбулук көрсөтүлгөнү белгилүү”,- деп билдирди “Лабрис” уюму.

Эскерте кетсек, 2014-жылдын 7-апрелинде "Калыс" кыймылынын лидери Жеңиш Молдокматов "аталган мыйзам долбоор иштелип чыкты" деп айткан.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
sagyn01
2014-05-28 17:53:19
Бул гейлерден канткенде кутулабыз?
+2
AZIK01
2014-05-28 17:59:29
sagyn01, Динге басым жасаш керек мамлекет. Биз качан диний мамлекет болмоюнча, булардан кутулбайбыз. Дин гана жаркын келечекти алып келет, Ислам дини.
+1
Davlet1994
2014-05-28 20:14:23
AZIK01, туура ислам дини гана жаркын жашоону алып келет, эн таза дин ислам дини!
+1
admin_superstan
2014-05-28 18:03:37
kanatsharipbekov, провокацияга жол жок! Билдирүүңүз өчүрүлдү.
-3
aikol87
2014-05-28 18:21:01
Кысымды мындан да катуу кучотуш керек.
+2
Biinura
2014-05-28 18:22:07
Каттуу суйлогондон корком ( жашоодо ар нерсе болот ), бирок кош жыныстуу кишилерди колдобойм.
0
Kymyzkyz
2014-05-28 18:34:35
Силер эркегин эркектей аялын аялдай журсонор силерди эч ким токмоктобойт. Демократия деп оюнарга келгенди кылбай, жараткан эркек кылып жараткан болсо эркек эле болбойсунарбы кызга окшоп созулбай. Силерди коргон эркек эле эмес аялдын да ачуусу келет.
+1
admin_superstan
2014-05-28 18:47:51
Kymyzkyz, провокацияга тыюу салынган! Эскертүү!
-4
kama_future_millioner
2014-05-28 19:11:08
Кудай сакта ынсап ыйман берегор
0
jigit.paren
2014-05-28 20:10:08
квирлери эмнеси кокуй?
0
AKYBALA
2014-05-29 00:04:39
Бул кыжырды келтирген адамдарды.эмне кылсак болот..даже жаныбарлар мынтип,бир жыныстуу болуп кошулушпайт...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан