Маалыматка ылайык, облуска жалпысынан 738 орун бөлүнгөн. Ош облусу боюнча 1984 жаран ажылыкка катталган.
Кыргызстан мусулмандарынын муфтийинин орун басары, республикалык штабдын жетекчиси Ракиев Замир кары, Ош облусунун мусулмандарынын казысы Ниязали ажы Арипов жана башка казыяттын кызматкерлеринен турган топ Кара-Суу, Араван, Ноокат, Өзгөн райондорунун борбордук мечиттерине барып, каттоо иштери менен таанышып, кээ бир кетирилген кемчиликтерди оңдоо боюнча көрсөтмөлөрдү беришти.