Маалыматка ылайык, шаар боюнча эс алуу лагерлеринде 2530 бала эс алат. Бекитилген режимге ылайык, жайкы эс алуу лагерлери саат 8:00дөн 14:00гө чейин иштемекчи. Лагерге келген балдарга эртең менен жана түштө тамак берилет. Ар бир баланын тамагына 44 сом өлчөмүндө каражат жумшалары маалым болду.
Иш-чаралардын планына ылайык, балдардын чыгармачылык борборунун 6700 баланы камтыган 179 ийрими эс алуучулар менен иш алып барат.
Тендерлер өткөрүлгөндөн кийин балдар шаар четиндеги лагерде жана Ысык-Көл жээгинде эс ала алышат.