Бишкекте Жумабек Ибраимовдун 70 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция өтөт

Бүгүн, 29-майда Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде “Жумабек Ибраимовдун Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө кошкон салымы” аттуу илимий-практикалык конференция өтөт.

Иш-чарага КРнын Президентинин аппарат жетекчиси Данияр Нарымбаев, Жогорку Кеңештин төрагасы А.Жээнбеков, биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев, илим жана билим министри К.Садыков, Жогорку Кеңештин депутаты К.Иманалиев, Илимдер академиясынын президенти А.Эркебаев, министрликтердин жетекчилери, шаардык жана райондук администрациянын башчылары, илим жана маданият кызматкерлери катышат.

Маалымат үчүн айта кетсек, Жумабек Ибраимов мамлекеттик жана саясий ишмер болгон. Ал 1944-жылы Чүй облусунун Кемин районунда төрөлгөн. 1991-жылы Бишкек шаарынын мэри, андан кийин мамлекеттик катчы, президенттин кеңешчиси болуп иштеген. 1999-жылы ашказан илдетинен Москвадагы онкологиялык ооруканада көз жумган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан