Эртең Бишкекте жана Чүй облусунун кээ бир аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт

Эртең, 29-майда Бишкек жана Чүйдүн айрым аймактарында оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу “Түндүк электр” ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, саат 9:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаарынын Чүй проспектиндеги №43, №43-1, №45-1, №47-1-көп кабаттуу үйлөрүндө, Жал кичи районундагы №86, №200-көп кабаттуу үйлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт.

Ошондой эле саат 9:00дөн 17:00гө чейин Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кашка-Суу, Воронцовка, Малиновка, Садовое, Аламүдүн, ГЭС-3, Учхоз, Ленин, Беш-Күнгөй айылдарында электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурайт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан