Нарын облусунда баңгизат жана психотроптук дары саткан дарыканаларды текшерүүгө 100дөн ашуун тескөөчү катышты

Нарын облусунда баңгизатты аткезчилик менен алып өтүү жолдорун жабуу максатында “Канал - Южный капкан” деп аталган 5 күндүк операция болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 28-майда Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, аталган операцияга 160 милиция кызматкери жана 15 адам коомчулуктан тартылды. Операция учурунда облуска кирип-чыккан шектүү унааларды текшерүү үчүн Сары-Чат, Арал жана Торугарт аймактарына 3 стационардык пост уюштурулган. Бул учурда жалпы 46 унаа текшерүүдөн өткөн. Алардын ичинен 14 айдоочу спирт ичимдигин ичип алып унаа башкарып баратканы аныкталган. 

Ошондой эле баңгизаттарын сактоого шектелген 28 турак жай менен жер төлөлөр текшерилген. Аталган операция учурунда 17 кылмыштын бети ачылып, дайынсыз жоголгон 3 адам табылган. Ал эми облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда баңгилик боюнча каттоодо турган 27 адам текшерилип, алдын алуу иштери жүргүзүлгөн. Облус боюнча баңгизат жана психотроптук дарыларын саткан 9 дарыкана текшерүүгө алынган.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан