Бүгүнкү күндө өлкө аймагында 6 миллиондон ашуун мал жандыгы бар
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 6,5 миллион мал бар.
Бул тууралуу бүгүн, 28-майда КРнын Айыл чарба жана мелиорация министринин
орун басары Нурлан Дүйшеев парламенттин жыйынында
билдирди.
Маалыматка ылайык, 6,5 миллион мал
жандыгынын 1,3 миллионун бодо мал, 5 миллионун майда жандыктар түзөт. Ошондой
эле республика аймагы боюнча 4 миңге жакын мал доктурлары эмгектенүүдө.