29-майга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9 миллиард 301 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, суу сактагычка агып кирген суунун көлөмү секундасына 718 метр кубга барабар болсо, сарпталып жаткан суунун көлөмү секундасына 271 метр кубга барабар болууда.