Ош шаарында 29-30-май күндөрү “Тарбия жана мектеп - бекем мамлекет” деген аталышта билим берүү кызматкерлеринин республикалык конференциясы өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, конференциянын негизги максаты - мектептердеги окуу, тарбия ишин башкаруудагы ата-энелер менен байланышты жакшыртуу. Ошондой эле учурдагы көйгөйлүү маселелерди чечүү жолдорун таап, тарбия ишин пландаштыруу жана уюштуруу.
Аталган конференцияга Жогорку Кеңештин, Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү жана бир катар эмгек сиңирген окутуучулар катышмакчы.