Астанада бүгүн, 29-майда өтүүчү Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына Кыргызстандын делегациясы да катышууда. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
КРнын расмий делегациясынын курамы:
Алмазбек Атамбаев (КРнын Президенти);
Эрлан Абдылдаев (КРнын Тышкы иштер министри);
Сапар Исаков (КРнын Президентинин аппаратынын жетекчиси даражасындагы КР Президентинин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы);
Эсенгул Өмүралиев (КРнын Казакстандагы элчиси);
Темир Сариев (КРнын Экономика министри);
Нурсулуу Ахметова (КРнын Президентинин аппаратынын жетекчиси даражасындагы КР Президентинин аппаратынын каржы-экономикалык талдоо жана өнүгүү мониторинги бөлүмүнүн башчысы).
Маалыматка ылайык, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Бажы биримдигинин жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин практикалык иштөө аспектилери талкууланат. Евразиялык экономикалык интеграциянын катышууларын кеңейтүү маселелери, ошондой эле Армениянын Евразиялык экономикалык кеңеш жөнүндө келишимге кошулушу жана Кыргызстандын мыйзамдарын Бажы биримдигинин жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин ченемдик-укуктук базасына адаптациялоо боюнча жол картасы даярдалат.