Таласта ажылык сапарга баруу үчүн 80 жаран каттоодон өттү. Бул тууралуу
бүгүн, 29-майда муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка
ылайык, учурда ажылыкка каттоо иши Талас облусунда ийгиликтүү
өтүүдө. Ажыга барууну каалаган мусулмандар жергиликтүү аймактарда казыятта,
райондун баш имамдары атайын ажылыкка каттоо иштери бөлүмүндө
жазылышууда.