Чолпонай, Омар, Арсен, Самат Дөөлөтбаков жана башка ырчылар тасмада классташтардын ролун жаратышат. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда тасманын режиссёру
Эрнест Уметалиев билдирди.
Анын айтымында, фильмге жалпысынан 15 ырчы тартылат. "Тасма классташтар тууралуу болмокчу. Буюрса, июнь айында тартуу иштерин баштайбыз. Тасманы жаңы окуу жылына карата бүтүрүүнү пландап жатабыз. Сценарийи "Салам, Нью-Йорк!" тасмасынын сценаристтеринин бири Сергей Кролевичке таандык",- дейт режиссёр Эрнест.