Жалал-Абаддын Сузак районунда бош орундар жарманкеси өттү

28-майда Сузак районунун Сузак айылында бош кызматтарга жарманке жана мектеп бүтүрүүчүлөрүнө кесиптик багыт берүү иш-чарасы өттү. Бул туурасында бүгүн, 29-майда Сузактагы Жаштар борборунун фасилитатору Алмазбек Дүйшөбаев билдирди.

Бул иш-чара КРнын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Сузак райондук бөлүмү, Сузак райондук жаштар борборунун демилгеси менен өттү. Аталган жарманкенин башкы максаты - райондун аймагындагы бош кызмат орундары, окуу жайлардагы кесиптер, жумуш издөөнүн жолдору сыяктуу маалыматтарды жаштарга жеткизүү.

Ага Сузак райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары А.Раманкулова, райондук эмгек, миграция жана жаштар бөлүмүнүн башчысы А.Мамбеталиев, райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери катышышты. 

Жарманкеде Жалал-Абад мамлекеттик университети, Экономика жана ишкердик университети жана райондогу үч кесиптик лицейдин өкүлдөрү өздөрүнүн окуу жайлары тууралуу мектеп окуучуларына маалымат беришти. Миграциянын Сузак райондук бөлүмүнүн башчысы А.Мамбеталиевдин айтымында, район боюнча 136 бош жумуш оруну, Жалал-Абад шаарына 74, Орусиянын Санкт-Петербург шаарына 74, Москва шаарына 18 бош жумуш кызматтары аныкталган.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан