Бажы биримдигине каршы болгон жарандык активисттер “милиция кызматкерлери бизди аңдууга алышты” деп бүгүн, 29-майда интернеттеги социалдык тармактар аркылуу жарыялашты.
Маалыматка ылайык, активисттер кезектеги нааразылык акциясын өткөрүүнү бүгүнкүгө пландашкан. Бирок кечээ, 28-майда кечке жуук Бишкек ШИИББинин кызматкерлери аларга чалып, иш-чара кайсы жерде, кайсы убакта болорун көшөрүп сурашкан. “Акцияда биз “Кыргызстан Бажы биримдигине каршы!” деген жазуулары бар футболкаларды кийип, жөн эле сүрөткө түшүүнү пландаганбыз. Бул иш-чарада укук коргоочулардын катышуусу керек эмес болгондуктан, Бишкек ШИИББине билдирүү кат тапшырган эмеспиз”,- деп билдиришти активисттер.