Жалал-Абадга арабиялык ишкер 2 кабаттуу оорукана салат

28-майда Жалал-Абад шаарынын мэри Муктар Арапбаев Арабиядан келген жеке ишкер Зиалин Ниазини кабыл алды.

Анда маалым болгондой, арабиялык ишкер 20 жылдан бери Жалал-Абад шаарындагы "НУР" ачык акционердик коому менен бирге иш алып келе жатканы, эми Жалал-Абад шаарына чоң инвестиция тартуу ниетинде экени айтылды. Эгерде жер маселеси чечилсе, 2 кабаттуу оорукана саларын кошумчалады ал.

Мындай сунушту калаа башчысы колдоп, жер тилкесин көрсөтүү пландаштырылууда. Эгер долбоор иш жүзүнө ашып калса, шаар тургундарынын дагы бир көйгөйү чечилерин баса белгиледи Муктар Арапбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
talant87
2014-05-29 11:20:20
кана эми ишке ашса экен андайларды колодош керек аныда карупсия араласа олот теги келбейт андайлар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан