Ошто жетим балдар үчүн “Балдарга көңүлдүү маанай тартуулайбыз” деген аталышта кайрымдуулук акциясы өтөт

30-майда Ош шаарынын Түштүк-Батыш кичи районундагы муз тебүү аянтчасында шаардагы жетим балдар  үчүн “Балдарга көңүлдүү маанай тартуулайбыз” деген аталышта кайрымдуулук акциясы “Жаш муун” коомдук фонду тарабынан уюштурулмакчы. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда Билим берүү башкармалыгынан билдиришти.

Аталган акциянын максаты улуттар аралык ынтымакты, достукту, биримдикти жана Кыргызстандын бүтүндүгүн, бекемдигин күчөтүү, ошондой эле жетим балдардын маанайларын көтөрүү болуп саналат.

Айта кетсек, буга Ош шаарындагы мектептердеги 118 жетим бала катышмакчы. Аягында балдардын майрамдык шоу программалары менен коштолуп, белектер берилет. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан