Бишкекте Куралдуу күчтөрдүн түзүлгөндүгүнүн 22 жылдыгына карата концерт өтүүдө

Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда бүгүн, 29-майда Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн түзүлгөндүгүнүн 22 жылдыгына карата концерт өтүүдө. Иш-чарага Жогорку Кеңештин, өкмөттүн, президенттик аппараттын өкүлдөрү, Куралдуу күчтөрдүн ардагерлери жана Күч түзүмдөрүндө кызмат өтөп жаткандар катышууда. 
Анда КРнын Куралдуу күчтөрүнүн түптөлүшү тууралуу даректүү тасма көрсөтүлүп, Генералдык штабдын буйругу менен артыкчылык көрсөткөн кызматкерлерге сыйлыктар тапшырылат. Иш-чара кыргыз эстрада жылдыздары жана симфониялык оркестр тарабынан даярдалган концерттик программа менен уланат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан