Маалыматка ылайык, аталган жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн шайлоо системдерин иштөө жана эки тараптуу кызматташтык маселелери талкууланды.
Али Наджафи Хошруди өз сөзүндө 30 жыл мурда Иран демократиялык түзүлүш жолун жана өлкөдө шайлоолорду өткөрүүнүн жол-жоболорун тандап алгандыгы тууралуу кеп козгоду. Т.Абдраимов А.Наджафи Хошрудиге учурда Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан демократиялык кайра түзүүлөр, анын ичинде республикадагы шайлоо системинин жаңыланышы жана шайлоолорду өткөрүүнүн ачыктыгы, административдик ресурстун жокко чыгарылгандыгы тууралуу кеңири маалымат берди.
Ошондой эле тараптар пикир алышуу менен эки тараптуу жигердүү кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.