Бишкекте кечээ, 28-майда КРнын Эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов Түштүк Кореянын элчиси Ким Чанг Гю менен жолугушту. Аталган жолугушууда Түштүк Корея тарап Кыргызстанда оорукана ачууга ниеттенип жаткандыгын билдирди. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Түштүк Корея Кыргызстандын аймагында Кореядан чыккан заманбап жабдыктар менен жабдылган оорукана ачууну пландоодо. Элчи өз сөзүндө Кореяда медицина тармагы прогрессивдүүлүк менен өнүгүп жатканын айткан.
Ошондой эле аталган жолугушууда эки тарап мындан аркы биргеликте ишке ашырылып жаткан долбоорлордун алкагында тыгыз кызматташарын белгиледи.