Депутат: “Айдоо жерин жашырып, аны ижарага берип пайда көрүп жүргөн айыл өкмөт башчысы белгилүү болду”

Бүгүн, 29-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мирлан Бакиров өлкөдөгү сугат жерлерин өз багытында жана сарамжалдуу пайдалануу маселесин көтөрүп, ага кайрадан инвентаризация жүргүзүү сунушун киргизди. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы маалымдады.  

“Өткөндө бир эле айыл өкмөтүндө 80 гектар айдоо жери жашырылып, айыл өкмөт башчысы аны ижарага берүү менен кирешени өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланып келгени белгилүү болду. Менимче, мындай жерлер көп. Аларды таап чыгып, өз багытында пайдалануусун көзөмөлгө алуу зарыл” дейт депутат.

Ошону менен бирге М.Бакиров төрагага Жогорку Кеңештин тармактык комитетине тиешелүү мамлекеттик органдар менен бирге Кыргызстандын бардык айыл округдарынын сугат жерин кайрадан инвентаризациядан өткөрүү маселесин кароо тапшырмасын берүү өтүнүчү менен кайрылды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан