Вице-премьер-министр өлкөнүн балдар мекемелеринин электрондук изилдөө маалымат базасынын ачылышы менен таанышты

Бүгүн, 29-майда вице-премьер-министр Эльвира Сариева өлкөнүн балдар мекемелеринин электрондук изилдөө маалымат базасынын ачылышы менен таанышты. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда өкмөт аппаратынын маалымат менен камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган электрондук базага Кыргызстандын аймагындагы бардык мамлекеттик жана мамлекеттик эмес балдар мекемелеринин толук тизмеси киргизилген. Анын жардамы менен балдар мекемелерине ыкчам жана даректүү жардам көрсөтүү боюнча маалымат алууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

“Бул мамлекеттик органдар коомчулукка керектүү маалымат берип, биргелешип иш жүргүзгөндүгү жакшы мисал болуп саналат. Мамлекеттик органдардын ишинде маалымат базасын такай жаңылап туруу жана аны колдонуу балдар мекемелериндеги кырдаалды биргелешип жакшыртууга шарт түзөт”,- деди Э.Сариева. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан