Алайдагы Сопу-Коргон айылында Эркеч-Там жолун бууганга бүгүн, 29-майда Таластан, Чоң-Алайдан, Өзгөндөн келген жарандар кошулууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ахматбек Келдибековдун тарапташы, жолду бууганга катышып жаткан Адалат Мейрачова билдирди.
Анын айтымында, келген элдин саны өсүп бара жатат. Бийлик өкүлдөрүнөн бири да кабар алган эмес.
Эскерте кетсек, 27-майдан бери Алай районунда Ахматбек Келдибековдун бошотулушун талап кылган эл Ош - Эркеч-Там унаа жолун бууп турат.