Кудайберген Базарбаев, министр: "Кыргызстандын калкынын 33 пайызын өспүрүм балдар түзөт"

Социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев БУУнун Балдардын укугун коргоо боюнча комитетинде "Кыргызстандын калкынын 33 пайызын өспүрүм балдар түзөт" деди. Бул тууралуу 29-майда аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

«2009-жылдан баштап социалдык колдоолорго бөлүнгөн каражат эки эсеге өстү. Республикалык бюджеттен 2009-жылы 13 миллиард 89,5 миллион сом бөлүнсө, 2014-жылы 50 миллиард 47,1 миллион сомду түзүп, көрсөткүч өсүштү көрсөттү»,- деди министр.

Комитетте Кыргызстан боюнча бүгүнкү күндө 111,7 миң аз камсыз болгон үй-бүлөдөгү 328,6 миң бала
жөлөк пул алары айтылды.

"КРнын балдардын укугун коргоо боюнча конвенцияны аткаруудагы үчүнчү жана төртүнчү докладында өлкө боюнча балдарды коргоо боюнча механизмдердин иштелип чыкканы айтылат. Азыркы тапта Кыргызстандагы 5,6 миллион калктын үчтөн бир бөлүгү 18 жашка чейинки жарандар. Жалпысынан калктын 70 пайызы айыл жергесинде жашагандар" деп айтылат мекеменин басма сөз кызматынын маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан