Өлкө аймагындагы жалпы билим берүүчү мекемелеринде "Эрдик сабактары" өткөрүлдү

Өлкө аймагында жалпы билим берүүчү, орто жана жогорку окуу жайларында КРнын Куралдуу күчтөрүнүн түзүлгөндүгүнүн 22 жылдыгын майрамдоого карата "Эрдик сабактары" өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Эрдик сабактары" жалпы билим берүүчү, орто жана жогорку окуу жайларында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин, интернационалист-аскерлердин катышуусунда өттү. "Кармашып күрөшүү, кичи футбол боюнча спорттук турнирлер уюштурулду. Аскер институтунун, Кыргыз улуттук аскер лицейинин курсанттары, аскер факультеттеринин, кафедраларынын угуучулары жана жалпы билим берүүчү орто мектептердин окуучулары арасында "Мен Ата Мекендин коргоочусумун!" деген темада дил баяндар сынагы да өткөрүлдү" деп белгилейт басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан