2-6-июнга чейин “Учур” жаштар театры Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген артисти Таттыбүбү Турсунбаеванын 70 жылдык мааракесине карата Нарын облусунун Жумгал районундагы 5 айылга “Ак Мөөр” спектаклин коёт. Аталган чыгарма 2-июнда Чаекте, 3-июнда Байзакта, 4-июнь күнү Дыйканда, 5-июнда Куйручукта жана 6-июнь күнү Кызартта коюлат.
“Биз бир гана спектакль койбостон, концерттик программа да тартуулайбыз. Гастролго 20 адамдан турган театрдын жамааты барат”,- деп билдиришти бүгүн, 29-майда аталган театрдан.
Белгилей кетсек, спектаклдин режиссёру – А.Абдыкалыков, сүрөтчүсү – С.Ниязакунов.