Ошто цементтин баасы жогорулады

Кызыл-Кыядагы цемент заводунун майдалап өткөрчү торчосу бузулгандан тарта ал жакта цемент чыгаруу токтогон. Мындан улам Ош шаарында цементтин баасы бир топко жогорулагандыгын сатуучулар айтып чыгышты. Ал эми цементке болгон бааны токтото албастыгын бүгүн, 29-майда Ош шаардык монополияга каршы агенттигинин жетекчиси Арзыбек Жунусов билдирди.

Анын айтымында, монополияга каршы күрөшүүчүлөрдүн бааны көзөмөлдөөгө укуктары жок. "Цементтин баасын көзөмөлдөгөнгө биздин укугубуз жок. Баанын жогорулашы Кызыл-Кыядагы цемент заводу ишке киргенде гана жөнгө салынат",- деди ал.  

Учурда Ошто цемент 14 сомдон сатылууда. Кызыл-Кыя цемент заводу кайрадан качан ишке кирери белгисиз. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
soccer_boy95
2014-05-29 13:56:04
бир жолу 20 сом кылып койбоптур да
0
Kara_kyrgyz
2014-05-29 14:09:18
монополия, очередной заказ бул. Резервдеги цементти сата беришет калп эле ушинтип завод иштебей жатат деп. Деги бийлик, чондор кайсыл жакты карап жатышат, карапайым элге эле кыйын болду го....
+1
brend007
2014-05-29 23:37:24
Kara_kyrgyz, Бул чындык. Заводтун бузулганы. Бирок баасы мынча кымбат болбошу керек эле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан