Балдарды коргоо күнүнө карата Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосу менен бир топ иш-чаралар өткөрүлөт. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, бүгүн, 29-майда Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрында колдоого муктаж үй-бүлөлөрдөн 650 бала үчүн майрамдык иш-чаралар өткөрүлдү.
30-майда саат 10:00дө балдардын жана өспүрүмдөрдүн республикалык “Сейтек” борборунда балдарга концерттик программа тартууланып, балмуздак жана башка таттуу белектер тапшырылат.
Ошол эле күнү саат 10:00дө шаардын Кара жыгач багында колдоого муктаж үй-бүлөлөрдөн 400 бала үчүн майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт. Ал эми “Фламинго” сейил багында Апрель окуяларынын катышуучуларынын, Чернобыль кырсыгын жоюуга катышкандардын жана жетим балдар үчүн майрамдык иш-чаралар уюштурулат.
31-майда саат 10:00дө “Ататүрк” сейил багында Балдар чыгармачылык борборунун концерттик программасы, спорт оюндары уюштурулуп, бөбөктөргө балмуздак жана башка белектер берилет.
1-июнда саат 10:00дө борбордук Панфилов атындагы сейил багында “Кадимки керемет” деген аталыштагы кайрымдуулук иш-чарасы өткөрүлөт.
Ошол эле күнү Эмен сейил багында саат 10:00дөн 13:00гө чейин “Таланттар шаарчасы” фестивалы уюштурулат. Ал эми саат 11:00дө Кыргыз мамлекеттик циркинде колдоого муктаж үй-бүлөлөрдүн балдары, окуунун алдынкылары, олимпиаданын жеңүүчүлөрү үчүн салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлөт.