Оштун борбордук көчөлөрүнө, эс алуу жайларына жыл башынан тарта 5500 даана роза гүлүнүн көчөтү отургузулду

Ошто жыл башынан бери шаардын негизги жана борбордук көчөлөрүнө, ошондой эле эс алуу жайларына 5500 түп роза гүлүнүн көчөтү, канна гүлүнөн 5100 даана отургузулду. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда Ош шаардык жашылдандыруу жана көрктөндүрүү комбинатынан Айгүл Наватова билдирди.

Анын айтымында, комбинат тарабынан 8 долбоор иштелип чыккан. Анын алтоо ишке ашкан. “Учурда кошумча долбоордун үстүндө иштеп жатабыз”,- деди ал.

Айта кетсек, Ош шаардык жашылдандыруу жана көрктөндүрүү комбинаты 1950-жылы негизделген. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан