Ысык-Көл облусу боюнча быйылкы ажылык сапарга баруу үчүн 120дан ашуун адам каттоодон өттү     

Ысык-Көл облусунун аймагы боюнча бүгүнкү күндө 2014-жылдын ажылык сапарына 128 адам катталды. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жалпысынан бүгүнкү күндө Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында 35, Балыкчы шаарында 20, Чолпон-Ата шаарында 2, Түп районунда 15, Ак-Суу районунда 8, Жети-Өгүз районунда 35, Тоӊ районунда 10, Ысык-Көл районунда 3 адам катталган. Ысык-Көл облусунун ар бир райондорунун борборлорунда “Ажылык-2014” деген аталыштагы көчө жарнамалары илинип, облустук телеберүүдөн жарнама берилүүдө. Кошумча маалыматтар ар бир жума намазы учурунда мечиттерде айтылууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан