Алайда Эркеч-Там жолун буугандар бийлик өкүлдөрүн күтүүдөн тажабай турганын айтышат

Алайдагы Сопу-Коргон айылында Эркеч-Там жолун буугандар бийлик өкүлдөрүн күтүүдөн тажабайт. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда жолду буугандардын катарын толуктаган Адалат Мейрачова билдирди.

Бийлик өкүлдөрүнөн дайын жок. Ойлоп жатышса керек, “тажаганда кетип калышат” деп. Биз Ахматбек Келдибековдун ден соолугуна тынчсызданып чыгып жатабыз. Бизге эле жагып жатат дейсиңерби, жолду бууп, элди, унааларды өткөрбөй карап туруу. Бийликтегилер көпүрө курулса келет, мектеп түшсө келет. Аш-тойго жетип келет да, элдин көйгөйүн угууга келишпейт. Же алайлыктарга боло берет деп жатышкан болсо, анда өзүлөрү билишсин. Кийин өкүнүп калышпаса болду”,- деди Адалат Мейрачова.

Эске салсак, 27-майдан тарта "Ата Журт" фракциясынын депутаты Ахматбек Келдибековду үй камагына чыгаруу талабы менен Алайдын эли Эркеч-Там унаа жолун буушкан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан