Социалдык өнүгүү министри: "Өлкөдө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерди кайра калыбына келтирүү боюнча 40тан ашуун борбор иштеп жатат"

Социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев БУУнун Балдардын укугун коргоо боюнча комитетинде "Кыргызстандагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерди жана жашоо шарты кыйынчылыкка туш болгон жарандарды кайра калыбына келтирүү боюнча 40тан ашуун борбор иш алып барууда" деди. Бул тууралуу 29-майда аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. 

Женевадагы отурумга катышып жатып Кудайберген Базарбаев: "2012-жылы өлкөдө Балдар жөнүндө кодекстин жаңы редакциясы кабыл алынды. Ага жашоо шарты кыйынчылыктарга туш болгон балдарга колдоо көрсөтүү боюнча кепилдиктерди берген юстициядагы бир катар нормалар киргизилди",- деди.

Ошондой эле Кыргызстанда балдарды интернаттарга жайгаштыруу сот аркылуу гана чечилерин кошумчалап, мындай принциптер бала асыроо багытында да каралганын айтып өттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан