Бүгүн, 29-майда тегерек столдун жүрүшүндө КРнын Энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев кыш мезгилинде электр менен жылытпоону суранды.
“Турак үйдү жылытууда электр энергиянын ордуна көмүрдү же газды колдонсо болот. Жакынкы кыш мезгилинде катуу текшерүүлөрдү жүргүзөбүз. Быйыл электр энергияны колдонуу 12 пайызга өскөнү өкүндүрөт”,- деди ал.