Кыргыз Эл акыны
Шайлообек Дүйшеевдин "Агындылар" китебинин аудиосу чыкты. Бул тууралуу акын бүгүн, 29-майда кабарлады.
Маалыматка ылайык, китептин аудиосун Азиздер жана дүлөйлөр коому чыгарып, жер-жерлердеги мүчөлөрүнө таратып беришүүдө. Аудиокитеп 19 саат 50 мүнөткө созулат.
"Азиздер жана дүлөйлөр коомунун президенти Калык Мамбетакунов келип, аудиокитепти мага угузуп кетти. Азиздер жана көзү начар көргөн адамдар үчүн эң жакшы окуу куралы болуптур",- дейт акын жаңы китеп тууралуу.
Белгилей кетсек, акындын "Агындылар" китеби 2013-жылы күзүндө жарык көргөн.