Украинанын чуулгандуу журналисти Виталий Седюк Брэд Питти бетке сокту. Бул окуя Голливудда “Малефисента” фильминин бет ачарында, "El Capitan" кинотеатрынын алдына төшөлгөн кызыл килемдин үстүндө орун алды. Седюк курчалган тосмодон өтүп, Брэд Питт тарапка барып, аны бетке соккон. Мындан соң кароолчулар аны кармап жерге кулатышкан. Көп өтпөй Седюкту полиция аймагына алып кетишкен. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Бул аталган журналисттин биринчи жосунсуз жоругу эмес. Ал буга чейин Брэдли Куперге, Уилл Смитке жана Леонардо Ди Каприого "чабуул" жасаган. Ошондой эле ал ырчы Аделдин ордуна “Грэмми” сыйлыгын алууга аракет кылган. Мындан тышкары Канн кинофестивалында актриса Америка Ферреранын көйнөгүнүн этегине кире калып, бутунан кармаганга үлгүргөн.